Кыргызстандын келечектеги өнүгүү багыттарынын арасында айыл чарба комплекси жана жашыл энергетика өзгөчө орунду ээлейт. Бул тууралуу «Инвестициялык вектор: мамлекет жана бизнес — ачык диалог» форумунда Кыргыз Грин жашыл энергетиканы өнүктүрүү Ассоциациясынын аткаруучу директору Рустам Балтабаев билдирди.
Балтабаевдин айтымында, кайра жаралуучу энергия булактарын өнүктүрүү программаларынын алкагында электр энергиясын чыгаруу көлөмүн жогорулатуу боюнча сунуштар каралууда. Ошондой эле, мамлекет тарабынан ишкерлердин көйгөйлөрүн чечүү жана алардын укуктарын коргоо боюнча тийиштүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.
Бул багыттагы иштердин алкагында Инвестиция боюнча улуттук агенттик ишкерлер менен жолугушууларды өткөрүп, алардын сунуштарын жана көйгөйлөрүн талкуулоодо. Мындай жолугушуулар бизнес коомчулугу менен мамлекеттик органдар ортосундагы кызматташтыкты бекемдөөгө шарт түзөт.












