Бишкек шаарынын муниципалдык службысынын билдирүүсүнө ылайык, 2026-жылдын башынан бери мэр жана анын орун басарлары 2 501 жаранды жеке кабыл алышты. Бул жолулуштар шаардыктардын күнүмдүк турмуштук маселелерин угууга багытталган.

142жеке кабыл алуулар
2 501кабыл алынган жарандар

Шаардыктардын кайрылуулары шаардын жашоосуна тиешелүү ар кандай тармактарды камтыйт. Алардын арасында көрктөндүрүү, турак жай-коммуналдык чарба, жол инфраструктурасы, жерди пайдалануу жана башка маанилүү маселелер бар.

Жетекчилик жеке кабыл алуулардан тышкары, тургундар менен түздөн-түз окуя болгон жерлерде жолугушууларды да өткөрүп турат. Мындай ыкма кырдаалды өз көзү менен көрүүгө, жарандардын сунуштарын угууга жана тиешелүү кызматтар менен биргеликте көйгөйлөрдү чечүү жолдорун аныктоого мүмкүндүк берет.