Ош облусундагы президенттин толук ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев 50дөн ашык жаранды өзүнүн жеке кабыл алуусуна кабыл алды. Бул жолугушууда коомчулук үчүн маанилүү социалдык маселелер талкууланды.

Жарандар негизинен жер тилкелеринин талаш-тартыштары, турак-жай менен байланышкан көйгөйлөр, ипотекага байланыштуу суроолор жана материалдык жардам алуу маселелери боюнча кайрылышты.

Аманкан Кенжебаев ар бир кайрылууну кылдат угуп, айрым маселелер боюнча дароо чечим кабыл алынды. Калган көйгөйлөрдү иликтөө жана чечүү үчүн тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилерине конкреттүү тапшырмалар берилди.

Бардык кайрылуулар көзөмөлгө алынып, мыйзам чегинде каралып, жарандардын укуктары корголуп, объективдүү чечимдер кабыл алынары убадаланды.