Бишкек шаардык мэриясынын маалыматы боюнча, саат 17:00гө карата «Бишкекжылууэнерго» муниципалдык ишканасынын абоненттеринин 91%ы жылуулукка туташтырылды. Калган абоненттерди туташтыруу иштери уланууда.
Жылуулукту иштетүү процессинде система акырындык менен жылуулук ташыгыч менен толтурулат, ал эми адистер жабдууну этап-этабы менен иштетип, жөнгө салышат. Бул процесс убакытты талап кылат, ошондуктан системаны жөнгө салуу жана жабдууну текшерүү узак убакытка созулушу мүмкүн. Ушуга байланыштуу ысык суу менен камсыздоодо убактылуу үзгүлтүктөр болушу мүмкүн.
- Биринчи кезекте жылуулук социалдык мекемелерге, анын ичинде мектептерге, балдар бакчаларына, ооруканаларга жана төрөт үйлөрүнө берилет.
- Социалдык объектилер туташтырылгандан кийин калган абоненттерди этап-этабы менен туташтыруу жүргүзүлөт.













