Бишкек жана Ош шаарларында «Кыргызстандын мыкты мектеп ашпозчусу — 2026» конкурсунун финалдык этаптары өтөт. Бул тууралуу Билим берүү министрлиги билдирди.
Бишкекте 11-ноябрда, ал эми Ошто 13-ноябрда финалдык сынактар өткөрүлөт. Бишкекте Ысык-Көл, Чүй жана Талас облустарынын өкүлдөрү, ал эми Ошто Баткен, Ош жана Жалал-Абад облустарынын катышуучулары беттешет.
Тапшырмалардын мазмуну
Бул жылдагы финал «Даам лабораториясы: «Дени сак окуучу» миссиясы» аттуу концепция менен өтөт. Анда катышуучулар мектеп ашканаларындагы бузууларды аныктоо, кырсык кырдаалдарды талдоо жана азык-түлүктүн сапатын баалоо боюнча иштерди аткарышат.
Негизги сыноо учурунда ашпозчулар өз алдынча рецепттер менен тамак даярдап, алардын эмне үчүн башталгыч класстар үчүн пайдалуу экенин түшүндүрүп беришет. Ал эми «Эл дегустатору» номинациясы боюнча жеңүүчүлөрдү окуучулар жана алардын ата-энелери тандашат.
Сыйлыктар жана натыйжалар
Ар бир финалдын жеңүүчүлөрү ашкана техникаларын сатып алуу үчүн төмөнкүдөй суммадагы сертификаттар менен сыйланат:
Ошондой эле, финалдын жыйынтыгы боюнча ашпозчуларга андан аркы окутуу үчүн жеке сунуштар берилет, ал эми өтүү балына жеткендерге сертификаттар тапшырылат.


















