Кыргызстандын билим берүү министрлиги 2026-жылдын 23-июнунда №894/1 буйругу менен мектептерде профильдүү окууну үч этапта киргизүүнү бекитти. Бул кадам билим берүүнү индивидууалдаштыруу жана дифференциялоо максатында аткарылууда.

Биринчи этапта, 2026–2027 окуу жылында, 8-класстарда предпрофильдүү даярдоо программасы ишке кирет. Ошондой эле, мектептерде кесиптик-кол өндүрүш багытындагы профильдүү программалар апробацияланып, жалпы билим берүү жана кесиптик лицейлер арасында тармактык кызматташтык түзүлөт.

Экинчи этапта, 2027–2028 окуу жылында, предпрофильдүү даярдоонун программасы 9-класска жайылтылат. Ал эми 11-класстарда илимий-академиялык жана кесиптик-кол өндүрүш багытындагы профильдүү программалар киргизилет.

Үчүнчү этапка 2028–2029 окуу жылы туура келет, бул жылы 12-класстарда академиялык жана кесиптик-кол өндүрүш профиль программалары ишке киргизилет.

Ошондой эле, предпрофильдүү даярдоону уюштуруу боюнча методикалык сунуштамалар түзүлүп, 2026-жылдын 11-августунда «Кут Билим» гезитинин №30 чыгарылышында жарыяланган.