Сеул өкүлдөрүнүн Бишкекке иш сапарынын алкагында Бишкек мэринин орун басары Рахат Мусаеванын Сеул өкмөтүнүн делегациясы менен жолугушуусу болуп өттү, ага эл аралык кызматташуу бөлүмүнүн директорунун орун басары Пак Чанхён жетекчилик кылды. Бул жолугушуу «Seoul Fitness 9988» долбоорун талкуулоонун акыркы чекити болду.
Бишкек мэриясы жана Сеул делегациясы «Seoul Fitness 9988» долбоорун ишке ашыруунун этаптарын аныкташты
Бишкек мэриясында жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү менен Сеул өкмөтүнүн делегациясынын ортосунда негизги жолугушуу болуп өттү. Талкуу масштабдуу «Seoul Fitness 9988» долбоорун ишке ашыруунун кийинки этаптарына арналды. Тараптар аткарылган иштердин жыйынтыгын чыгарып, долбоор ишке ашырыла турган объектиге барып, тереңдетүү кызматташууга даярдыктарын ырасташты. Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча Бишкек Сеул тарабынан уюштурулган конкурстун жыйынтыгы боюнча үч өнөктөш шаардын бири…
