7-ноябрда Курманжан Датка эстелигинин жанында салттуу кимчи фестивалы өттү. Кыргыз Республикасындагы Корея Республикасынын Элчилиги тарабынан уюштурулган иш-чара маданий алмашуу жана шаар тургундарын корей элинин улуттук каада-салты жана ашканасы менен тааныштыруу үчүн аянтчага айланды.

Кимчи фестивалы борбор калаа тургундарын бириктирген жана корей элинин өзгөчө маданияты, улуттук каада-салты жана ашканасы менен жакшыраак таанышууга мүмкүндүк берген жакшы салт болуп калды.
Рахат Мусаева, Бишкек мэринин орун басары

Салтанаттуу ачылыш церемониясына Бишкек мэринин социалдык маселелер боюнча орун басары Рахат Мусаева, Корея Республикасынын Өзгөчө жана Толук ыйгарым укуктуу Элчиси Ким Квангдже, дипломатиялык корпустун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана корей диаспорасынын өкүлдөрү катышты.

Программанын алкагында коноктор корей улуттук ашканасынын негизги тамактарынын бири болгон кимчи даярдоо процессин изилдеп, ошондой эле өлкөнүн маданий мурасы менен тааныша алышты.