Бишкек шаарынын 12-микрорайонунда жайгашкан эң ири гараж кооперативи болгон Ак-Жоргону бузуп салуу тууралуу маалымат тарады. Бул аймактын ээлерине жерди бошотуу үчүн болгону 10 календардык күн убакыт берилди.
OsOO.kg маалыматына ылайык, бул керектөөчүлөр кооперативи 1998-жылдын 4-сентябрында кайра катталган. Азыркы учурда аталган аймакта 1012 гараж бар.
Эмне үчүн бузулуп жатат?
Ак-Жорго гараж кооперативинин төрагасы Ислам Мадрамов Kaktus.media редакциясына берген маалыматында, ал 4-ноябрда жер участогуна ижара келишимин бир тараптуу түрдө токтотуу жөнүндө билдирүүнү электрондук почта аркылуу алганын айтты. Алгач ээлерине аймакты бошотуу үчүн 14 күн убакыт берилген, бирок Бишкек мэриясынын жерди пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы эки күндөн кийин расмий билдирүүнү алып келген. Анда мөөнөт 10 календардык күнгө кыскартылган.
Документтен
Муниципалдык жер участосун объекттерди жана курулуштарды демонтаждоо жолу менен 10 календардык күндүн ичинде баштапкы абалына келтирүү зарыл.
Бишкек мэриясынын жерди пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгынын 5-ноябрдагы документине ылайык, А. Токомбаев көчөсүнүн боюнда жайгашкан 2,183 гектардык аймак балдардын билим берүү борборун жана көп деңгээлдүү унаа токтотуучу жайды долбоорлоо жана куруу үчүн бөлүнгөн. Бул чечим Бишкекте жер участогуна укук берүү боюнча комиссия тарабынан 7-сентябрда кабыл алынган.









