«Сладости Востока» дүкөнүн кошкондо, курулуштарды демонтаждаштырууну Бишкек мэриясынын Жерди пайдаланууну контролдоо башкармалыгы ишке ашырууда. Муниципалитетте билдирилгендей, иштер соттун чечиминин негизинде жүргүзүлүүдө.

Аянтты бошотуу жөнүндө чечим шаардын Экологиялык кеңеши тарабынан кабыл алынган. Бул чаралардын максаты — мектепке чектеш аймакты кийинчерээк жашылдандыруу жана көрктөндүрүү.

  • 2025-жылдын 26-августу — Экологиялык кеңеш жашылдандыруу жана көрктөндүрүү иштерин жүргүзүү үчүн борбордук мектептердин тизмесин бекитти

Демонтаж бүткөрүлүп, аймак коммерциялык объекттерден толук тазалангандан кийин, жашыл зоналарды түзүү иштерин Свердлов райондук администрациясы өзүнө алат.