Бишкек шаарында 2014–2015-жылдары туулган балдар катышкан жайкы спартакиаданын экинчи баскычы башталды. Бул турнирдин катышуучулары биринчи баскычтан ийгиликтүү өтүшкөн командаар болуп саналат.

Спартакиаданын негизги максаты — жайкы каникул учурунда балдардын дене тарбия жана спорт менен алектенүүсүн көбөйтүү, ошондой эле келечектеги спортчулардын талантын аныктоо жана аларды адистештирилген мектептерде өстүрүү.

Мелдештер Бишкек шаарынын төрт районунун муниципалдык аймактык башкармалыктарынын катышуусу менен өтүүдө жана спартакиаданын программасына жетип жетпей спорттун төмөнкү түрлөрү киргизилген: мини-футбол, чүкө, эстафета, аркан тартуу, пионербол, шашки жана дартс.

Жайкы спартакиада үч этапка бөлүнгөн. Райондук баскыч аяктагандан кийин, эң күчтүү командалар шаардык финалга чыгышат. Финалдык таймаш 21-июлдан 28-июлга чейин пландалган.

Бул иш-чаранын уюштуруучусу — Бишкек мэриясынын Ден соолук, спорт, туризм жана жаштар менен иштөө департаменти.