Ош мэриясы 22-июлда саат 08:00дөн 17:00гө чейин шаардагы бир катар аймактарда электр энергиясын өчүрүү пландалып жатканын билдирди.

Өчүрүү Анар жана Фрунзе микрорайондорунда, ошондой эле Керме-Тоо муниципалдык аймагынын 225-кварталында, Кызыл-Кыштак жана Алымбек-Даткин муниципалдык аймактарында өтмөкчү.

Мындан тышкары, Керме-Тоо, Кызыл-Байрак, Ишкаван, Коммунист, Шамшад, Мукумий, Сурот-Таш жана Тээке айылдарынын аймактары да электрсиз калат.

Ош шаарындагы белгилүү бир көчөлөрдө, ошондой эле «Жибек-Жолу» жана «Келечек» базарларында да жарык токтотулат.

Датка айыл аймагындагы Садыкова, Шарипова, Холматова, Кош-Таш, Парпиева, Умарова, Хайтбаева жана Нишанова көчөлөрүндө да электр жарыгы өчүрүлөт.

Ремонттук жана техникалык иштер энергетикалык объектилерди күз-кыш мезгилине даярдоо үчүн жүргүзүлөт. Шаар бийлиги тургундарды убактылуу ыңгайсыздыкка чыдамдуу болууга жана алдын ала зарыл чараларды көрүүгө чакырды.