Бишкек шаарындагы №56 муниципалдык жалпы билим берүүчү мектепте капиталдык ремонтунун чоң көлөмдүү иштери уланууда. Мэриядан белгилешкендей, бул жумуштарды шаардык Капиталдык курулуш башкармалыгы жүзөгө ашырууда.
Мектеп 1971-жылы курулган жана баштапкы бөлүмүндө 800 окуучуга ылайыкташкан. 1989-жылы окуучулардын санынын өсүшүнө байланыштуу негизги имаратка 600 орунга эсептелген кошумча окуу корпусу кошулган.
Учурда көптөгөн демонтаж иштер, мектептин айланасындагы жерди пландоо жана имараттын фасады үчүн металлдык подсистема монтаждоо секлинде курулуш жумуштары аткарылууда.
Капиталдык ремонттун жыйынтыгында мектепке заманбап, коопсуз жана жайлуу билим берүү шарты камсыздалмакчы.
Ремонт ишин OsOO «Евразия Строй» подряд уюм жүзөгө ашырууда.



