Манас шаарындагы Роза Азимова атындагы жаңы мектептин курулуш иштери быйыл март айында башталган. Учурда жалпы курулуштун 60 пайызы бүткөрүлүп, сырткы дубалдарды жылуу кармоо жана чатырды жабууга даярдык көрүү менен ички жасалгалоо иштер жүргүзүлүүдө.
Бул мектеп 500 окуучуга ылайыкталган объект болуп, заманбап талаптарга жооп берүү менен сапаттуу билим берүү шарттарын түзүүгө багытталган.
Кыргыз Республикасынын Өнөр жай, курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына караганда, аталган мектептин курулушуна мамлекеттик бюджеттен каражат бөлүндү. Учурда 100дөн ашуун куруучулар иш алып барууда.
Ошондой эле Манас шаарында жалпы алты жаңы мектептин курулушу жүрүп жатат, Роза Азимова атындагы мектеп алардын ичинен бири болуп саналат.

