Бүгүн, 23-ноябрда саат 10:00дө Бишкек шаарынын 5-микрорайонунда, Юнусалиев көчөсүндөгү аялдамада эки автобус кагылышты. Кырсыкка №52 жана №162 каттамдуу транспорт каражаттары катышкан.

Видео: Nomad

Патрулдук кызматкечтеринин билдирүүсүнө ылайык, кырсыктын себеби №52 каттамдагы автобус айдоочусунун каптал аралыкты сактабай калышы болгон. Бул учурда №52 автобусунун эки терезеси сынган.

УПСМ жана «Бишкек шаардык транспорт» муниципалдык ишканасынын маалыматы боюнча, кырсыктын кесепетинен жүргүнчүлөрдүн эч кимиси жабыркаган жок.

Айдоочу өзүнүн күнөөсүн моюнга алды. Ал келтирилген зыянды өзүнүн эмгек акысынан кармап калуу өтүнүчү менен арыз жазган.