"Бишкектеплосеть" муниципалдык ишканасы билдиргендей, Киевская жана Раззаков көчөлөрүнүн кесилишинде жылуулук түйүндөрүн алмаштыруу иштери аяктаган. Аталган участкада диаметри 426 мм болгон түтүк алмаштырылган.

Эми иштердин кийинки этабы Киевская жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде улантылат. Бул жерде жылуулук камерасынын эски жабуу плиталары демонтаждалып, жаңылары орнотулат, ошондой эле жылуулук камерасы тазаланып, жылуулук изоляциялоо иштери аткарылат.

Ушуга байланыштуу, 26-июлдан тарта бул участкада транспорт кыймылы жарым-жартылай чектелет. Шаар тургундарын жана конокторун маршруттарын алдын ала пландап, убактылуу ыңгайсыздыктарга түшүнүү менен кабыл алууга Бишкек мэриясы чакырат.