Учурда өлкөдө иштеп жаткан Мадыген жана Тескей геопарктары жакын арада ЮНЕСКОнун эл аралык статусун алууга чоң мүмкүнчүлүккө ээ. Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору Эдуард Кубатовдун айтымында, бул аймактардын келечеги абдан перспективдүү.
Агенттиктин жетекчиси «Ачык кабинет» долбоорунун алкагында жүргүзүлгөн талдоолордун жыйынтыгы менен өлкө боюнча дагы 11 аймакты геопарк катары аныктаганын билдирди.
Геопарктар — биздин келечегибиз. Алардын стандарттары жаратылышка жана аймактын өзгөчөлүктөрүнө аяр мамиле кылууну талап кылат. Ошол эле учурда каржылык жана чарбалык иштер токтоп калбайт.
Жаңы түзүлө турган аймактардын негизги максаты — жергиликтүү экономиканы стимулдаштыруу жана туристтик потенциалды кеңейтүү. Геопарктардын концепциясы аймактын тарыхый-маданий, табигый жана геологиялык өзгөчөлүктөрүн сактап калууга негизделген.
Геопарктардын абалы











