Бишкек шаарында МЧСтин борбордук башкармалыгынан эки кызматкер пара алуучу катары кармалды. Бул тууралуу Аскер прокуратурасы билдирди.

Алар системалуу түрдө пара талап кылуу жана алуу менен шектелүүдө. Пара суммалары 8 миңден 50 миң сомго чейин болгон.

Милиция жана ГКНБ менен биргелешкен операциянын жүрүшүндө МЧСтин жетекчисинин бири М.И. жана улук инспектор А.М. кармалды. Алар убактылуу кармоочу жайга камалды.

Тергөө иштери улантылып жатат.