Милиция кызматкерлери ноябрь айынын башында белгисиз жерге кеткен 31 жаштагы Сергей Щербаковду издеп жатышат. Ленин райондук ИИМдин басма сөз кызматынан билдирилгендей, адамдын жоголуп кеткени тууралуу анын таанышы арыз менен кайрылган.

Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, окуя 1-ноябрда болгон. Болжол менен саат 05:30да эркек Уметалиев көчөсүндө жайгашкан үйүнөн боз түстөгү автоунаа менен чыккан.

Suzuki Jimnyавтоунаанын маркасы
01KG614ARFмамлекеттик номер
05:30чыккан убактысы

Жоголуп кеткендин белгилери

Бой узундугу
170–175 см
Дене түзүлүшү
калтың
Чачы
кыска
Териси
ак
Кийими
мезгилге ылайыктуу