Ошто колдонуудагы курулуш ченемдерин жана эрежелерин бузуу менен курулган эки кабаттуу кафени жана унаа токтотуучу жайды демонтаждоо башталды. Бул тууралуу Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлиги билдирди.

Мамлекеттик архитектуралык-курулуш контролу Департаментинин Ош шаардык башкармалыгынын адистери текшерүүнүн жүрүшүндө объект бекитилген долбоордон четмелөө менен курулганын аныкташты. Инспекциянын жыйынтыгы боюнча акт түзүлүп, бузууларды жоюу жөнүндө жазуу жүзүндө көрсөтмө берилди.

200 000 сом айып пул

Объекттин ээси аныкталган бузуулар үчүн административдик жоопкерчиликке тартылды.

СНиП ченемдерин сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин, менчик ээси өз ыктыяры менен сүйлөтүү чечимин кабыл алды. Ведомствонын маалыматы боюнча, курулуп жаткан имаратты демонтаждоо процесси 7-ноябрда башталды.