Мурас-Ордо конушу менен Ош базарын байланыштырган багытта эми жүргүнчүлөрдү чоң автобустар ташып беришет. Бишкек мэриясынын расмий маалыматы боюнча, каттамдын кыймыл схемасы өзгөрүүсүз калат.
Транспорттук кызматты жакшыртуу жана коомдук транспорттун жеткиликтүүлүгүн арттыруу үчүн бул өзгөрүүлөр киргизилди. Жаңы автобустар шаар тургундары үчүн ташуу учурунда ыңгайлуу шарттарды түзүүгө багытталган.












