Кыргызстандын туризм өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттигинин маалыматы боюнча, «Жибек жолундагы туризм» аттуу эл аралык жарманкеде өлкөнүн павильону мыкты деп таанылды. Стенд салттуу стилде жасалып, көчмөндөрдүн өзгөчө каада-салты, табияты жана маданий байлыгын кеңири таанытууга мүмкүндүк берди.
Бул жетишкендик мамлекеттик органдардын, туризмди өнүктүрүү фондунун жана атаандаштык чөйрөсүндөгү ишкерлердин биргелешкен аракетинин натыйжасы болду.












