Кабар маалымат агенттигинин билдирүүсүнө ылайык, жыйынды министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары — суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков башкарды.

Ага мамлекеттик жана муниципалдык органдардын жетекчилери, президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, ошондой эле тиешелүү мекеме-ишканалардын жетекчилери катышты.

Жыйындын жүрүшүндө Энергетика министрлиги өлкөдөгү учурдагы суу-энергетикалык кырдаал жана отун-энергетикалык комплекстин алдыдагы жылытуу мезгилине даярдыгы тууралуу баяндама жасады.

Берилген маалыматтарга ылайык, үстүбүздөгү жылы республикада электр энергиясын керектөөнүн жалпы көлөмү 19,6 млрд кВт·саат деңгээлинде күтүлүүдө.

Күтүлгөн электр энергиясы

19.6 млрдкВт·саат жалпы керектөө
15.5 млрдкВт·саат өлкө ичинде өндүрүү
4.1 млрдкВт·саат дефицит
4.1 млрдкВт·саат импорт менен жабуу

Мындан тышкары, Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү былтыркы жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу төмөн экени өзгөчө белгиленди.

Ушуга байланыштуу жыйындын катышуучулары электр энергиясын ички керектөөнүн белгиленген лимиттерин так сактоонун жана суу ресурстарын сарамжалдуу пайдалануунун зарылдыгын баса белгилешти. Ошондой эле гидроэлектростанциялардагы гидроагрегаттарды жана жылуулук электр борборундагы оңдоо иштерин өз убагында бүтүрүү милдети коюлду.