Өткөн суткада Кыргызстандын аймагында 45,6 млн кВт⋅саат электр энергиясы керектелди. Бул тууралуу Энергетика министрлиги маалымдады.
27-июлга карата республиканын энергетика системасы үзгүлтүксүз жана штаттык режимде иштеп жатат. Электр тармактарында ашыкча жүктөөлөр же технологиялык мүчүлүштүктөр катталган жок.
Алдыдагы күзгү-кышкы мезгилге даярдык көрүү максатында электр тармактарынын объектилеринде пландык оңдоо иштери улантылууда.
Керектөөчүлөр пландык оңдоо иштеринин графиги менен «Улуттук электр тармактары» ААКсынын расмий сайтында (www.nesk.kg) жана «Менин жарыгым» мобилдик тиркемесинде тааныша алышат.
Энергетиктер электр энергиясын, өзгөчө максималдуу жүктөмдөр учурунда, сарамжалдуу пайдаланууга чакырышат. Бул энергетика системасынын ишенимдүү жана туруктуу иштешин камсыз кылат.

