Бишкек шаарындагы Ленин районуна караштуу Ош базарынын аймагында мыйзамсыз орнотулган жарнак таблолор жана кабелдерди демонтаждоо иши жүргүзүлдү.
Бул иштер 11-августта Чүй проспектинин Павлов көчөсү, К. Кулиев жана Б. Бейшеналиев көчөлөрү кесилишкен аймактары менен Манас көчөсүнөн (мурдагы Ю. Фучика) Имамалы Айдарбеков көчөсүнө (мурдагы Жаш Гвардия бульвары) чейинки бөлүктөрдө өткөрүлдү.
Мэриянын маалыматына караганда, ишкерлер өз алдынча орнотулган жарнак конструкциялары алынды.
Ошондой эле, топтолуп турган электр жана интернет кабелдери уюштурулуп, айлана-чөйрө тазаланган. Бул иш чараларга жергиликтүү ишкерлер катышышты.
Мэрия мындан ары да мыйзамсыз жарнактарды алууну, кабелдик тармактарды тартипке келтирүүнү жана шаарды санитардык абалга келтирүүнү уланта берүүнү пландаштырууда.
















