Азербайжан достук паркынан жогору жакта, жаңы мечит курулуп жаткан жердин жанында авариялык кырдаал катталды. Курулуш иштери жүрүп жаткан учурда суу түтүктөрү бузулуп, суу агып кеткен. Бул окуя 22-ноябрда курч алган.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, суу түтүгү курулуштун дубалынан агып, котлованды суу менен толтурду. Алар мурда дагы ушундай маселе болгонун жана суу эки айдан бери агап жаткандыгын белгилешти. Бирок «Бишкексууканал» ишканасына кайрылууларга эч кандай жооп болгон эмес.

Өткөн жылдагы окуялардын кайталанышы

Тургундардын маалыматы боюнча, өткөн жылы «Тенир-Тоо» турак жай комплексинин котлованын казууда коммуникациялар бузулган. Ал кезде шаардын бир бөлүгү, анын ичинде мектептер, бала бакчалар жана ооруканалар суусуз калган. Ошондо курулуш убактылуу токтотулган болчу, бирок азыр көйгөй кайрадан кайталанды.

Учурда авариянын так себеби жана зыяндын өлчөмү аныкталууда. Тиешелүү кызматтардын комментарийи күтүлүүдө.