Бишкекте Чүй облусунун Сокулук районундагы дача массивдеринин биринде такси айдоочусуна кол салган шектүү кармалды. Бул тууралуу борбордун Ленин райондук ИИМи билдирди.

Окуя 10-ноябрда болгон. Укук коргоо органдарынын маалыматы боюнча, белгисиз адам 1982-жылы туулган такси айдоочу С. А.га пычак менен кол салып, жаракат келтирген.

Кол сануудан кийин кылмышкер жабырлануучуну ооруканага алып барып, андан соң окуя болгон жерден жабырлануучунун автоунаасы менен качып кеткен.

Ыкчам-изилдөө иштеринин жүрүшүндө укук коргоочулар шектүүнүн инсандыгын аныктоого жетишкен. Ал 2007-жылы туулган 17 жаштагы Т. А. болуп чыккан. Учурда кармалган адам райондук башкармалыкка жеткирилди.

Кылмыш Чүй облусунун аймагында жасалгандыктан, кармалган адам аймактык ички иштер органдарынын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.