Мамлекеттик кайтаруу кызматынын (МКО) 23 жаштагы кызматкери Ж.Т. Бишкектеги Мирсаид Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборунун реанимация бөлүмүндө 29-июнда каза болгон. Ошол эле күнү эртең менен саат 07:40та ал кызматтык тизилип жаткан учурда эс-учун жоготуп жыгылган. Медициналык жардам көрсөтүлгөнүнө карабастан, ал өзүнө келбей каза болгон.
Жабырлануучунун сөөгүн сырттан кароо учурунда оор жаракаттар табылбаганы менен, көк ала тактар жана сыйрылган жерлер болгон. Каза болгондун себебин аныктоо үчүн соттук-медициналык экспертиза дайындалган.
22-июлда Ак-Суу районунун милиция бөлүмүнө маркумдун бир тууганы З.Б. кайрылган. Ал билдиргендей, 11-июндан 12-июнга караган түнү Ж.Т. Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы айылдардын биринде сүйлөшкөн кызына келгенде белгисиз бирөөлөр тарабынан сабалган. Кылмыш болгондон кийин жабырлануучу эч кимге кайрылган эмес жана Бишкекке жумушуна кеткен.
Милиция кызматкерлери иликтөө учурунда сабоого шектүү катары Ак-Суу районунун тургундары Ч.С., Д.Н., С.Н., Б.А. жана И.А. аттуу беш жаранды аныкташкан. Аларга карата Кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси («Бейбаштык») боюнча кылмыш иши козголуп, шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилген.









