Кыргызстандын келечектеги технологиялык потенциалын Россиянын Совёт Федерациясынын өкүлдөрү өз көзү менен көрүштү. Президенттин алдындагы №99 маалыматтык технологиялар кесиптик лицейинин окуучулары конокторго өз иштерин көрсөтүп беришти.
- Программалоо тармагындагы иштер
- Мобилдик тиркемелерди түзүү
- Киберкоопсуздук боюнча долбоорлор
- Мехатроника жана дизайн
- Электрондук соода
Иш сапардын алкагында Лилия Гумерова жетекдеген делегация Бишкектеги Т. Сатылганов атындагы №69 орто мектебинде өткөрүлгөн маданий диалогга багытталган ачык сабакка катышты. Мындан тышкары, өкүлдөр «Школа Газпром Кыргызстан» коомдук фондунун окуу процесси жана олимпиада борбору менен таанышты.
Билим берүү тармагындагы кызматташтыкты бекемдөө максатында эки өлкөдө тогуз биргелешкен мектеп курулуп жатат. Делегация ушул долбоорлордун ишке ашуу процессин да карап чыкты.
Билим берүү министрлигинин маалыматы боюнча, иш-чараларга Жогорку Кенештин депутаттары Болот Сагынаев менен Нуржамал Торобекова, ошондой эле министрдин орун басары Виктория Мозгачева катышты.















