Иш-чаралар Ысык-Көл жээгинде жайгашкан «Барчын» балдар ден соолугун чыңдоо лагеринде өтөт. «Орус тилинин дүйнөдөгү элчилери» эл аралык программасынын ыктыярчылары билим берүү жана агартуу иш-чараларын Кыргыз Республикасынын окуучулары үчүн өткөрүшөт.

Россиялык делегациянын курамына программанын алты ыктыярчысы жана А. С. Пушкин атындагы мамлекеттик орус тил институтунун эки кызматкери кирген.

Лагердин катышуучулары үчүн орус тили, адабияты боюнча оюн сабактары, элдик кол өнөрчүлүк боюнча мастер-класстар, орус музыкалык салттары менен таанышуу, ошондой эле чыгармачылык жана интерактивдүү программалар каралган.

Бул программанын Кыргызстанга болгон он экинчи экспедициясы болуп саналат, бул биздин өлкөлөр ортосундагы туруктуу жана ырааттуу кызматташтыктын далили. Биргелешкен иштердин жүрүшүндө миңдеген мектеп окуучулары орус тили жана Россиянын маданияты боюнча билимдерин өркүндөтө алышты жана биз кыргыз кесиптештерибиз менен бул салтты улантууга кубанычтабыз.
Институттун ректору Никита Гусев