Жабырлануучунун билдирүүсүнө караганда, курулуштун жанындагы жолдор сугарылбагандыктан, транспорт кыймылы учурунда катуу чаң көтөрүлүп, айлана-чөйрөдөгү абанын сапатына терс таасирин тийгизүүдө.

Бул жерде дем алуу мүмкүн эмес. Жанында балдар ойноп жатышат. Буга көңүл буруңуздар.
Тургун

Тургун бул маселе менен Курулуш министри Нурдан Орунтаевге кайрылып, курулуш иштери жүргүзүлүп жаткан аймакта жолду үзгүлтүксүз сугарууну уюштуруу жана тиешелүү чараларды көрүүнү өтүнгөн.