Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча, 2006-жылы туулган жабырлануучу Ананьево айылынын аймактык ооруканасына жеткирилген. Бирок дарыгерлер анын каза болгонун аныкташкан.

Министрлик жабырлануучуга баш мээсинин ачык жаракаты жана айкалышкан жаракаттар деген диагноз коюлганын билдирди.

Буга чейин Кырчын капчыгайында жылкы бир адамды буту үзөңгүгө кыпчылып калып, бир нече жүз метр сүйрөп кеткени кабарланган. Алгач күбөлөр Kaktus.media басылмасына жабырлануучу кыз болушу мүмкүн экенин айтышкан.

Окуянын чоо-жайы такталууда.