Шаардык кызматтар базаларда көмүрдин болушун туруктуу түрдө көзөмөлдөп, баалардын сакталышын текшерип турушат. Мэрия жарандарга сууктар келгенде суроо-талап өсүп, кезектер жана башка ыңгайсыздыктар жаралбашы үчүн, отунду алдын ала сатып алууну сунуштайт.

Райондор боюнча көмүрдин запасы

Бишкектин ар бир районунда көмүр базаларынын саны жана жеткиликтүүлүгү ар кандай. Төмөндө райондор боюнча маалымат берилген:

  • Свердлов районунда 9 база иштеп жатат, жалпы запасы 7 411 тонна.
  • Ленин районунда 13 база бар, көмүрдин жалпы көлөмү болжол менен 8 775 тонна.
  • Октябрь районунда 6 база иштеп жатат, заготовкаланган көмүр 3 258 тонна.
  • Биринчи май районунда 15 стационардык база иштеп жатат, калдык көлөмү 1 707 тонна.

Көмүр маркалары жана баалары

Көмүрүнүн баасы анын маркасына жана сатылып жаткан жерине жараша өзгөрөт. Айрым жеке базаларда көмүр каптарда (мешок) сатылат.

Көмүр маркаларынын баасы (тоннасы үчүн, сом)

  • Кара-Кече7 000 сом
  • Мин-Куш7 000 сом
  • Шаргунь7 600 сом
  • Шабыркуль7 800 сом

Бишкек мэриясы

Көмүр маркаларынын баасы (тоннасы үчүн, сом)
Кара-Кече7 000 сом
Мин-Куш7 000 сом
Шаргунь7 600 сом
Шабыркуль7 800 сом

«Кара-Кече» маркасындагы көмүрдин баасы сатылган жерге жараша 7 000 сомдон 7 600 сомго чейин өзгөрүп турат.