Бишкек шаарындагы Осмонкулов көчөсүндө капиталдык ремонт иштери азыркы учурда министрликтин катуу көзөмөлүндө жүрүүдө.
Өнөр жай, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына ылайык, ремонттолуп жаткан 1,37 чакырым узундуктагы жолдун иштеринин аяктоо баскычында болгондугуна карабай, объект расмий түрдө пайдаланууга берилген жок.
Ошондой эле, мамлекеттик архитектуралык-курулуш контролдоо департаменти тарабынан подрядчы уюмга жол люкаларын жана башка кемчиликтерди тез арада оңдоо боюнча катуу талаптар коюлган.
Көчөнүн арыктары долбоор боюнча курулуп, суу агымын камсыз кылуу үчүн айрым жерлерге жер астындагы түтүктөр орнотулган.
Кемчиликтер толук жоюлгандан жана бардык талаптар аткарылгандан кийин гана бул объектти тиешелүү тартипте пайдаланууга берүү маселеси каралат.




