Оңдоо иштери Саадаев көчөсүнөн Жерге-Тал көчөсүнө чейинки аралыкты камтыйт. Жолдун жаңыланган бөлүгү 1800 метрди түзөт. Бул иштерди «Су-4 Кара-Балта» ЖЧКсы аткарган.
Жаңыланган көрсөткүчтөр
Жолду оңдоо менен бирге, жашылдандыруу иштери да жүргүзүлдү. Чүй көчөсүнүн жанындагы скверге 38 катальпа дарагы отургузулду.
Иш-чара учурунда шаар мэри жергиликтүү тургундар менен жолугуп, алардын сунуштарын жана көтөргөн маселелерин укту. Мэр Биринчи Май районунун акимине айтылган суроолорду карап чыгууну жана аларды чечүү боюнча тийиштүү чараларды көрүүнү тапшырды.
















