Борбор калаанын көркүн ачуу үчүн беш түрдүү түстөгү голландиялык сорттогу жоогазын отургузуу иштери жүрүп жатат. Бул гүлдөрдүн декоративдик сапаттары жогору жана ар түрдүү түстөргө ээ экени белгиленген.

Мэриянын маалыматы боюнча, отургузуу иштери агротехникалык талаптарга ылайык жүргүзүлүүдө. Алгач топурак даярдалып, андан соң жоогазынын баштары 12–15 сантиметр тереңдикке жайгаштырылып, үстүн топурак менен жабылып жатат. Күзүндө отургузулган гүлдөр кышкы эс алуу мезгилин өткөрүп, жазгы гүлдөө үчүн толук өсүүгө шарт түзөт.

70 000Биринчи Май районуна
60 000Ленин районуна
50 000Октябрь районуна
27 500Свердлов районуна

Пландалган иштердин жыйынтыгында 2027-жылдын март-апрель айларында Бишкектин көчөлөрү, парктары жана скверлери түрдүү түстөгү жоогазындар менен кооздолот.