2026-жылдын 21-ноябрында борбордо күзгү жашылдандыруу жана субботник иштери өткөрүлдү. Бул иш-чараларга шаардын мэрдин орун басарлары, райондук администрациялардын башчылары жана «Бишкекзеленстрой» муниципалдык ишканасынын кызматкерлери катышты.
Отургузулган дарактардын түрлөрү жана алардын жайгашкан жерлери боюнча толук маалымат төмөндө берилген:
Атап айтканда, Шабдан Баатыр көчөсүндө Т. Фрунзеден Садырбаев көчөсүнө чейин 100 клён отургузулду. Ал эми Жусупу Абдрахманов көчөсүндө Чуй проспектисинен А. Токомбаева көчөсүнө чейин дуб жана карагачтын 70 көчү жайгаштырылды. Жибек Жолу проспектисинде Курманжан Датка көчөсүнөн Лермонтов көчөсүнө чейин 45 клён отургузулса, Гоголь көчөсүндө катальпа жана ясендин 45 көчү отургузулду. Юнусалиев көчөсүндө 30 тополь отургузулган. Ошондой эле, №58 мектептин короосунда 70 клён жана 12 сакура көчү жашылдандыруу иштери аткарылды.
Бишкек мэриясы борборду көрктөндүрүү жана жашылдандыруу боюнча иштер уланып жатканын белгиледи.















