Жаңы акимди Баткен облусундагы Президенттин ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Бактыбек Токсонбаев Баткен районунун активдерине тааныштырды.
Болоткан Баяке уулу өзүнүн ишмердүүлүгүн ветеринардык инспектор катары Сокулук районундагы Гаврилов айыл өкмөтүнөн баштаган. Ал кийин «Таза-Сокулук» муниципалдык ишканасында башкы инженер жана Сокулук районунда экономист болуп иштеген.
Анын эмгек жолунда Төш-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы, Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын аппаратынын жетекчиси, Сокулук жана Кара-Суу райондорунун акимдеринин биринчи орун басары, ошондой эле Миң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы деген кызматтар бар. Акыркы жолу ал Кадамжай районунун акими болуп кызмат өтөгөн.






















