Бразилиянын «Коритиба» футбол клубунун коргоочусу Жаси Серия А чемпионатынын 22-турундагы «Шапекоэнсе» командасына каршы беттеште талаадан сырткары жайгашкан тоннелге кулап түшүп, көңүл бурган окуяга туш болду. Беттеш «Коритиба» командасынын 2:1 эсебиндеги жеңиши менен аяктаган.
Окуя 43-мүнөттө болгон. 29 жаштагы Жаси топту башы менен атаандаштын дарбазасына киргизген соң, аялынын кош бойлуулугуна арнап, топту футболкасынын астына салып, жарнамалык тосмодон секирип өткөн. Дал ошол жерде трибуна астындагы бөлмөгө алып баруучу ачык тоннель жайгашкан экен, футболчу ошол жерге кулап түшкөн.
Жаси өз алдынча сыртка чыгып, бир нече метр чуркаганы менен, кийинчерээк чөпкө жатып калган. Көп өтпөй анын голу офсайддан улам жокко чыгарылганы белгилүү болду. Футболчу беттешти улантууга аракет кылганы менен, экинчи таймдын башында алмаштырылган.






