«Тенерифе» клубунун 30 жаштагы чабуулчусу Хесус де Мигель 3-ноябрдын таңында каза болду. Бул оюндун аягында болгон «Андорра» командасынын дарбазачысы Хесус Овоно менен кагылышуудан кийин орун алган. Бул тууралуу DW басылмасы испан ЖМКларынын маалыматына таянып кабарлайт.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, окуя оюндун аягында Овоно дарбаза аймагынан чыгып, топко умтулуп, де Мигелди тизеси менен төшүнө урганда болгон. Чабуулчу талаага жыгылгандан кийин медициналык кызматкерлер ага жардам көрсөтүп, тез жардам унаасы менен алып кетишкен.

  • Испан ЖМКларынын маалыматы боюнча, «Тенерифе» чабуулчусунун жүрөгү ооруканага бараткан жолдо токтогон.