Тартиптин татаалдыгынан улам чет өлкө жарандары, өзгөчө Казакстандын жарандары, өлкөдө туруктуу жашоо укугун алууда чоң тоскоолдуктарга жолугушууда. Бул тууралуу Жогорку Кенештин отурумунда сүйлөгөн депутат Дастан Бекешев билдирди.
Алар эрежелер түшүнүктүү болушун суранышат. Мамлекеттик мекемелерде, тактап айтканда, БАМдарда (ЦОН) бул процедураны кантип жүргүзүүнү билбейт. Эрежелерди жөнөкөйлөтүп, аларды басып чыгарып, БАМдардын көрүнүктүү жерлерине илип коюуну суранам.
Депутаттын айтымында, учурдагы процедура өтө татаал болуп жатат. Ал мамлекеттик кызматкерлердин дагы маалыматтын жетишсиздигин белгилеп, эрежелерди баарына түшүнүктүү кылууну сунуштады.








