11-ноябрда Чолпон-Ата шаарында жаңы жаштар борборунун ачылышы өттү. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин маалыматы боюнча, долбоор БУУ Өнүктүрүү программасынын (БУУӨП) жана Япония элчилигинин колдоосу менен ишке ашырылган.

Жаңы мейкиндик окутуу, чыгармачылык өнүгүү жана жаштардын демилгелерин колдоо үчүн арналган. Борбордо маалыматтык технологиялар, англис тили жана шахмат багыттарын камтыган адистештирилген ийримдердин иши уюштурулган.

Ачылыш аземине Жаштар иштери боюнча башкармалыктын башчысы Бакай Кожомкул уулу катышты. Ведомство өкүлдөрүнүн айтымында, борбор активдүү жаштарды бириктирүү жана алардын долбоорлорун ишке ашыруу үчүн маанилүү аянтчага айланат.

Бул объект 2026-жылдын башынан бери Кыргызстандын аймагында ачылган сегизчи жаштар борбору экенин белгилей кетүү керек.