Бакай Кожомкул уулунун айтымында, жаштар жардамга муктаж катмар эмес, мамлекеттин өнүгүүсүндөгү өнөктөш, күч жана таяныч болуп эсептелет.
Мамлекет жаштар үчүн сапаттуу билим алуу, ишкердикти өнүктүрүү, чыгармачылык жана социалдык демилгелерди ишке ашыруу, коомдук жашоого активдүү катышуу мүмкүнчүлүктөрүн түзүп келет.
Бүгүн Бишкекте жаштардын оң өзгөрүүлөрдү алып келүүсүн күтүп, жыл сайын белгиленүүчү Эл аралык жаштар күнүнө арналган атайын фестиваль өтүүдө.
Фестивалга Борбор Азиядан келген лидерлик сапаттарды, робототехника жана IT темаларын өнүктүрүү боюнча эксперттер катышууда. Аталган аянтча көмөктөшүп, маалымат менен кубаныч тартуулап жатат.
Фестивалдын катышуучулары
Бакай Кожомкул уулу жаштарды өлкөнүн келечегиндеги энергия, билим, чыгармачылык потенциал жана ишеним булагы катары белгиледи.




