Кыргызстанда өтүүчү консультативдүү жыйында Борбордук Азия мамлекеттеринин жана Азербайжан Республикасынын президенттери катышат. Алар 30-июлдан 1-августка чейинки убакыт аралыгында Чолпон-Ата шаарында биригет.

Бул жыйынга Кыргызстан президенти Садыр Жапаров, Азербайжан президенти Ильхам Алиев, Казакстан президенти Касым-Жомарт Токаев, Тажикстан президенти Эмомали Рахмон, Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедов жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев катышат.

Иш-чарада соода-сатык, энергетика, туризм, транспорттук коридорлорду кеңейтүү жана маданий-гуманитардык байланыштарды өнүктүрүү маселелери каралат.

Мындан сырткары, эл башчылар региондук коопсуздук боюнча актуалдуу маселелерди жана эл аралык уюмдардагы кызматташууну талкуулоону пландашууда.