Башкармалыктын маалыматы боюнча, «Алтынкен» посту аркылуу өткөн жол жалпы пайдалануудагы жол болуп саналат. Жарандардын жөө өтүүсүнө же унаа каражаттарынын жүрүүсүнө жалпы чектөөлөр киргизилген эмес. Жергиликтүү тургундар жолду белгиленген тартипте сутканын каалаган убагында тоскоолдуксуз пайдалана алышат.

Басма сөз кызматы ошондой эле социалдык тармактарда тараган видео боюнча түшүндүрмө берди. Үстүбүздөгү жылдын 5-августунда эртең менен «Көк бөрү» ат оюндарынын бардык катышуучулары «Алтынкен» постунан тоскоолдуксуз өтүп, оюн өткөрүлгөн «Өк-Торгой» жайлоосуна багыт алышкан.

Оюн аяктагандан кийин айрым катышуучулар мелдеште колдонулган улак менен жалпы пайдалануудагы жол аркылуу өтүүгө аракет кылышкан. «Көк бөрү» оюнунун экстремалдык мүнөзүн эске алуу менен, жол боюндагы өндүрүштүк объектилердин мүлкүнө мүмкүн болуучу зыянды болтурбоо жана кызматкерлердин коопсуздугун камсыздоо максатында тиешелүү коопсуздук чаралары көрүлгөн.

Оюн аяктагандан кийин бардык катышуучулар «Алтынкен» постунан жалпы пайдалануудагы жол аркылуу эч кандай тоскоолдуксуз өтүп кетишкен. Жарандардын өтүүсүнө же бул жолду пайдалануусуна жалпы чектөөлөр киргизилген эмес.