Чолпон-Атанын так ортосунда, жаңыланган сквер-сейил багында, кыргыз элинин көчмөн маданиятын чагылдырган кол өнөрчүлүк буюмдарынын, сувенирлердин жана белектердин жарманкеси иш алып барууда. Иш-чаранын максаты – туристтерди жана жергиликтүү тургундарды өлкөнүн бай маданий мурастары менен тааныштыруу.
Жарманкеге келгендер жергиликтүү устаттар тарабынан жасалган уникалдуу эмгектер менен таанышып, Кыргызстан жөнүндө эстелик боло турган сувенирлерди сатып алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Бул жерден ар кандай салттуу буюмдарды, колго жасалган белектерди жана сувенирлерди табууга болот.
“Кабар” агенттиги билдиргендей, жарманке “Барашек” рестораны менен музейдин жанында жайгашкан. Ал күн сайын, 15-сентябрга чейин иштейт. Бул Чолпон-Атанын коноктору үчүн жергиликтүү маданиятты жакындан таанып-билүүгө жана кол өнөрчүлөрдү колдоого эң сонун мүмкүнчүлүк.


