Чүй облусунун Аламудун районунда чет элдик жаран жана анын иштеген компаниясы жол кымылынын эрежелерин бузгандыгы үчүн жалпысынан 75 миң сом суммасында айып пул төлөөгө мажбур болду. Бул тууралуу Чүй облустук ИИМ басма сөз кызматы билдирди.

Милициянын маалыматы боюнча, 9-ноябрда Instagram тармагында Байтик айылына жакын жайгашкан «Аламудун Арка» районунда айдоочулардын ортосундагы чыр-чатактын видеосу тараган. Бул окуя Аламудун райондук ИИМ тарабынан катталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгында окуянын катышуучулары аныкталып, КРнын Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 431-беренесине ылайык чаралар көрүлгөн.

Айып пулдардын өлчөмү

10 000чет элдик жаранга айып пул
65 000компанияга айып пул
75 000жалпы сумма

Ошондой эле чыр-чатакка катышкан тараптар менен алдын алуу максатында алдын алуучу маектешүүлөр өткөрүлүп, мыйзамдарды сактоо зарыл экендиги тууралуу эскертилген.