Бишкек жана Аламүдүн райондорундагы Министрликтин экологиялык жана техникалык көзөмөлдөө бөлүмү бир курулуш жайында текшерүү жүргүздү. Текшерүү жарандардын кайрылуусуна байланыштуу болду.
Натыйжада, курулуш компаниясынын экологию жана коопсуздук боюнча мыйзамдарды сактабаганы аныкталып, 82 миң сом өлчөмүндө административдик айып пул салынды.
Компания тарабынан мыйзам бузуулардын толук жоюлушу боюнча милдеттенме берилди, жана ал айып пулдан кийин курулуш аймагындагы калдыктарды тазалоо иштери жүргүзүлдү.



