Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын маалыматы боюнча, кырсык жөнүндө билдирүү саат 00:42де 112 номерине түшкөн. Суусамыр өрөөнүндөгү Сандык жайлоосунда эркек жана ат баткакта калып калганы билдирилген.

Куткаруу иштерин жүргүзүү үчүн окуя болгон жерге Жайыл районунан бөлүм жөнөтүлгөн. Тез арада жасалган иш-чаралардын жүрүшүндө куткаруучулар жабырлануучуну ийгиликтүү табыштын.

Издөө иштери ийгиликтүү аяктагандан кийин эркек туугандарына өткөрүлүп берилди.