Мурда экс-премьер-министр Кубанычбек Жумалиевдин менчигинде болгон эки имаратта жеке мектептер ачылды. Бул тууралуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин (ГАУГИ) директору Бексултан Токонов «Биринчи радио» эфирүндө билдирди.
Ведомство башчысынын айтымында, учурда бардык мыйзамсыз жеке менчикке өткөрүлгөн объекттерди мамлекеттин балансына кайтаруу процесси жүрүп жатат. Активдер коррупцияга жана уюшулган кылмыштуулукка каршы күрөшүү алкагында, ошондой эле ээлери тарабынан өз ыктыяры менен өткөрүп берүү жолу менен мамлекеттик менчикке түшүүдө.
Мамлекеттик менчикке кайтарылгандан кийин имараттар же башка мамлекеттик органдарга өткөрүлүп берилет, же жеке түзүмдөргө ижарага берилет. Токонов мисал катары мурда таштанды абалында болгон, бирок азыр алардын ичинде «Креатив-Таалим» окуу жайы сыяктуу заманбап мектептер иштеп жаткан объекттерди келтирди.
Президент мектеп же бала бакча курууну каалаган инвесторлор үчүн бардык шарттарды түзүү жана аларга жер участокторун берүү тапшырмасын берди. Биз да өз кезегибизде инвесторлор менен иш алып барып жатабыз.
Буга чейин, 2021-жылдын апрель айында, ошол учурда Жогорку Кеңештин депутаты кызматын ээлеген Кубанычбек Жумалиев мамлекетке мүлктү, анын ичинде кыймылсыз мүлктү жана акча каражаттарын 1 миллиард сомдон ашык суммада өз ыктыяры менен өткөрүп берген.










